19.07.2018 14:45

УКМК Бишкек мэри Албек Ибраимовду камакка алды

УКМК Бишкек мэри Албек Ибраимовду камакка алды

Бишкек мэри Албек Ибраимов бүгүн, 19-июлда шектүү катары кармалып, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. 

Маалыматта, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жаткан бир нече кылмыш иштерге Албек Ибраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүн экени жазылган. Тактап айтканда, Ибраимов жогорулатылган баада атайын шаймандарды сатып алуу менен «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда. Андан сырткары, «Дастанга» тиешелүү  «Күнөстүү жээк» пансионатынын арзан баада сатылып, ишканага 152 млн. сом зыян келген факт боюнча да кылмыш иши иликтенип жатат. 

Калаа мэри Бишкек шаарындагы жер тилкелерин жеке жактарга мыйзамсыз бөлүп берүү жана колдонууга берүү фактысы боюнча да шектелүүдө. Тактап айтканда, «2017-жылы Ибраимовдун түздөн-түз көрсөтмөсү менен конкурс өткөрүлүп, анын жыйынтыгында жалган адамдарга Бишкектин туштүгүнөн аянты 5 гектар болгон 2 жер тилкеси берилген. Кийинчерээк , бул тилкелер үчүнчү жактарга кымбатыраак баада кайра сатылган. Жогоруда саналган кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат»,- деп жазылат УКМКнын маалыматында. 

Эскерте кетсек, Албек Ибраимовго 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэр катары ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Чечим өкмөт башчыга жөнөтүлгөн. Азырынча өкмөттөн жооп боло элек.