01.04.2020 11:40

УКМК коронавирус тууралуу калп айтты деп дагы бир жаранды кармады

УКМК коронавирус тууралуу калп айтты деп дагы бир жаранды кармады

Сокулук районунун администрациясында коронавируска кабылган киши бар деп социалдык тармактарга жазып чыккан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызмат кабарлайт.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Сокулук районунун тургуну Бактыбаев Бактияр.

Укук коргоо органдары аталган жаран менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бактыбаев күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураганы айтылат.

Анын аракетине эми юридикалык баа берилет.

Учурда УКМК укук коргоо органдары менен биргеликте элди дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таркаткандарды аныктоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүүдө.

Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.