03.04.2018 13:02

УКМК Зилалиевге айыбын угузду

УКМК Зилалиевге айыбын угузду

Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевге айыбын угузду. Комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, кылмышка шектүү тарап  таанышып чыккандан кийин, иш  прокуратурага жөнөтүлөт.

Зилалиевге өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салынган.  Эскерте кетсек,  Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку жетекчисине Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы отуп жаткан маалда, ИИМ академиясынын курсант кызына бомба коюлду деген жалган маалымат айтканы үчүн айыпталып жатат.

Өз кезегинде Дүйшөнбек  Зилалиев, муну мойнуна албай, кызга бомба эмес, кийип турган форма жарашат деп айтканын айтып актанган.