01.04.2020 12:34

УКМКда иштеген күйөөсү менен милицияны коркуткан аял кармалды

УКМКда иштеген күйөөсү менен милицияны коркуткан аял кармалды

«Жолдошум УКМКда иштейт» деп укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коркуткан аял өздүгү такталып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, өзгөчө абалдын тартибине баш ийбеген аялдын күйөөсү УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Гамил Амановдун жубайы болуп чыкты.

Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзүп, аялдын тек-жайын тактады. Аялдын жосунуна байланыштуу 2020-жылдын 1-апрелинен тартып анын күйөөсү, дарыгер Гамил Аманов менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду.

Ага ылайык, материалдар Жазык кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, 31-мартта Ош шаарында Курманжан Датка көчөсү менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аял тууралуу видео соцтармактарга тараган.

УКМК өзгөчө абал режимин бузган бардык жарандар мыйзам чегинде жазаланарын эскертүүдө. 

Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.