Укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековду медицина кызматкерлеринин укуктук жана социалдык кепилдиктерин бекемдөөгө чакырды

Укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековду медицина кызматкерлеринин укуктук жана социалдык кепилдиктерин бекемдөөгө чакырды

«Адилет» укуктук клиникасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мамлекет медицина кызматкерлерине тиешелүү деңгээлдн кам көрүш керектигин эскертти.

Ооруканалардагы чыныгы абал тууралуу айтып чыккан дарыгерлерди жана алардын жакындарын күч түзүмдөрү куугунтуктаганын тез арада токтотуп, өкмөт ар бир медицина кызматкерин жеке коргонуу каражаттары жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылышы керек деп билдиришти.

Ошону менен катар уюм жер-жерлердеги коменданттардын адам укуктарына байланыштуу буйруктарын толук жана ачык жарыялоону, алардын мыйзамга шайкештигин текшерүүнү, коронавируска каршы бөлүнүп, чогултулуп жаткан акчанын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматтын ачыктыгын камсыз кылууну талап кылды.

«Адилет» клиникасы медицина кызматкерлеринин укуктук жана социалдык кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган мыйзамдарды тезирээк кабыл алуу зарыл деп эсептейт.

«Адилеттин» кайрылуусунда аты аталган мекемелер бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, социалдык түйүндөрдө мамлекет жумуштагы коопсуздугун камсыз кылып бере албаганын айткан медицина кызматкерлеринин кайрылуулары көп чыга баштады.

Оштогу Балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын 20дай дарыгеринин атынан бийликке багытталган ачык кат коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 280 кишиге жетти.  Ичинен 34 адам медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.