11.03.2020 13:03

Улуттук банк: Кыргызстанда чет элдик валюта жетиштүү, сом арзандабайт

Кыргызстанда чет элдик валютага тартыштык жок. Бул тууралуу 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, доллар жана башка валюта өлкөдө жетиштүү түрдө бар.

Толкунбек Абдыгулов кечээ Бишкектеги айрым акча алмаштыруу жайларында чет элдик валютаны атайын сатпай кармап турганын белгиледи.

“Алар баары Россия менен Казакстанда финансалык рыноктун ачылышын күтүп турушкан. Бирок, Улуттук банктын жетиштүү түрдө эл аралык резервтери бар", — дейт ал.

Ошондой эле Толкунбек Абдыгулов сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин билдирди.

“Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат”, - дейт ал.

Эске салсак, күн мурун, 10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттаган. Анын баасы дээрлик 75 сомго чейин жогорулаган.

Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды.

Абдыгулов Улуттук банк 53,7 миллион долларды 72,90 сомдон сатканын билдирди.

11-мартта Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат. Ал эми коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 72,76-72,96 сом болууда.