Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы ээлеген кызматынан бошотулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы Мусакеев Дамир Сагындыкович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин  Аппаратынын  маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы Мусакеев Дамир Сагындыкович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.