Улуттук тарых музейинде жаңы директор - Кеңешбек Алмакүчүков

Улуттук тарых музейинде жаңы директор - Кеңешбек Алмакүчүков

Кеңешбек Алмакүчүков  Улуттук тарых музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу  Маданият министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол койгон. Музейдин мурунку башчысы Анаркүл Исиралиева илимий иштер боюнча директордун орун басары кызматына барды.

Учурда Тарых музейинде ондоп-түзөө иштери жүрүүдө. Буга чейин жаңыланган музей  ушул жылдын март айында ачылаары тууралуу маалымат берилген болчу.

Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта. Доцент, экономика илимдеринин доктору.