20.12.2019 13:34

Улуттукэнергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевдин чоң энеси кайтыш болду

Улуттукэнергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевдин чоң энеси кайтыш болду

Улуттукэнергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевдин чоң энеси кайтыш болду. Бул тууралуу журналист Лейла Саралаева өзүнүн социалдык Facebook-баракчасында билдирди.

Эске салсак, учурда Айбек Калиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган.  

«Ал [Калиев] далилденбеген иш боюнча темир тор артында отурганда, саясий өңүттөгү иш боюнча сот жообуна тартылып жатканда, энесинин көзүнүн жашы токтобой, ден соолугунан айрылган. Адилеттүү адамдын жашоосунун акыркы жылдарын кайгыга батырганы үчүн ким жооп берет?! Учурда Айбек Калиевдин туугандары аны энесин акыркы сапарга узатууга уруксаат алууну эңсеп турушат », - деп журналист баракчасына жазып чыккан.

УКМК соттолуучуну топурак салып келүүгө кое берүү боюнча азырынча үн ката элек.