Уулангандардын жалпы саны 173кө жетти, 3 адам- реанимацияда

Уулангандардын жалпы саны 173кө жетти, 3 адам- реанимацияда

Түш оой алынган маалыматка караганда, борбордогу "Ала-Тоо" ресторанына тойго келип, уулангандардын саны 173кө жетти, алардын арасынан 150 адам Бишкек шаарында, калган 23 адам өлкөнүн башка аймактарынан тойго келгендер. Борбордо ооруканага 100 киши жаткырылды:  81 чоңдор, 19 жаш балдар.

7 жаштагы баласы менен эне  абалы оор болуп реанимацияда жатат. Ошондой эле, тойго келбей, бирок, тойдон барган тамак-аштан ооз тийген дагы бир аялдын абалы начар. 

Бул туурасында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева Апрель телеканалынын кабарчыларына билдирди. Айтымында, кайрылгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Учурда бейтаптар тиешелүү дарылоо алышууда. Абалдарына жараша 3-5 күндөн кийин үйлөрүнө чыгарылып баштайт.