06.06.2019 11:58

Валентина Шевченко VS Жессика Ай. Алдыдагы беттештин трейлери

Валентина Шевченко VS Жессика Ай. Алдыдагы беттештин трейлери

UFC уюмунун YouTube-каналында Валентина Шевченконун америкалык Жессика Ай менен болчу беттешинин трейлери жарыяланды. Ага Шевченконун Кыргызстанга келгендеги кадрлары кошулган.

Чемпиондук титулду коргоо үчүн беттеш 9-июнга караган түнү Чикагодо (АКШ) болот. 

Эскерте кетсек, кыргызстандык Валентина Шевченко 2018-жылы 9-декабрда жеңил салмак боюнча UFC уюмунун чемпиону титулуна польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон.