01.03.2018 16:24

Военно-Антоновка айылында 2 аял сууга чөгүп, каза тапты

Военно-Антоновка айылында 2 аял сууга чөгүп, каза тапты

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө эки аял чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эки маркум  тең 45 жашта болгондугу маалым болду.

"Окуя бүгүн саат 10:45 чамасында жүз берген.  ӨКМдин 10 куткаруучусу эки жарым саатка чукул убакыттан кийин алардын сөөгүн таап чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Суучулдар маркумдарды жерлигиктүү милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.