22.05.2019 10:36

Врачтар: айлык көбөйбөй эле, жумушубуз көбөйдү

Врачтар: айлык көбөйбөй эле, жумушубуз көбөйдү

Дарыгерлерге убада кылынган 30 миң сомдук айлык маянадан кабар жок. Ак халатчандар жумушун таштап митингге чыга башташты.

Дарыгерлер маянасы саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы системасына жараша көбөйөт. Ал үчүн тар адистиктен көп тараптуу үй-бүлөлүк дарыгерликке өтүү талап. Алар 12 индикатордун негизинде иштеп, дарылаган бейтаптарга жараша баллдарды топтошот. Упайларга карап, айлыктын базалык бөлүгүнө каражат кошулат.

Сегиз ай мурун киргизилген жаңы система дарыгерлердин купулуна толгон жок.