20.03.2019 12:40

Якутиядагы кыргыздар үч күндөн бери үйдөн чыкпай отурууга аргасыз

Якутиядагы  кыргыздар үч күндөн бери үйдөн чыкпай отурууга аргасыз

Якутск шаарында кыргыз жараны тарабынан зордукталган аялдын окуясынан кийин, бул жерде мигранттарга карата каршы маанай күчөдү. Жергиликтүү тургундар эки күн нааразычылык акциясын уюштурушуп, анда бүтүндөй кыргыздардан өч алуу чакырыктары да жаңырган. Учурда базар, чач-тарач жана тамактануу жайларында иштеген, такси, автобус айдаган жердештерибиз жумушка чыкпай коркуп отурган чагы.