19.03.2018 12:00

YouTube жалган маалыматты камтыган роликтерди жайгаштырууга каршы күрөштү күчөтөт

YouTube жалган маалыматты камтыган роликтерди жайгаштырууга каршы күрөштү күчөтөт

YouTube ири видеохостинги чындыкка коошпогон маалыматты камтыган роликтерди жайгаштырууга каршы күрөштү күчөтөт. Бул тууралуу  The Associated Press агенттиги билдирет.

Бул чаралар- авторлору ар түрдүү кутумдар теориясын жана мифтерди таратып жаткан видеолорго да тийиштүү болоорун белгилешет. 

Мисал катары, YouTube компаниясынын башкы директору Сюзан Воджитски Жер планетасынын жалпактыгы же АКШ мектептериндеги массалык атуу тууралуу  “жасалма” өңдөнгөн роликтерди келтирди.   YouTube мындай жомокторду жокко чыгарып, роликтердин алдына башка ресурстарга, мисалы, “Википедияга” шилтеме жайгаштырып турат.  

Видеохостингдин өкүлдөрү жалган роликтер жана калп жаңылыктар менен күрөшүү абдан жигердүү жүрөөрүн белгилешти. Бирок, азырынча жаңы киргизилген тартиптер тууралуу кенен айтып берүүнү каалашкан жок.  

Флоридада мектеп окуучусу 17 кишини атып салганы тууралуу роликтен кийин YouTube катуу сынга кабылган, каргашалуу окуядан соң, кээ бир колдонуучулар бул роликтин катышуучулары актерлор экенин тастыктаган роликтерди жайгаштырышкан.

Мындай видеолордун бири сервис аны өчүрүп  салгыча, YouTubeда абдан популярдуу болуп турган.