12.07.2019 13:47

Юристтер Алмазбек Атамбаев ИИМдин сурагына эмне үчүн барбай турганын түшүндүрүп беришти

Юристтер Алмазбек Атамбаев ИИМдин сурагына эмне үчүн барбай турганын түшүндүрүп беришти

Алмазбек Атамбаев ички иштер министрлигине суракка барбайт. Экс-президенттин юристи Сергей Слесаревдин айтымында, иммунитети бар адамды суракка алууга мыйзам жол бербейт.

Ал эми Жогорку Кеңеш Атамбаевди «экс» статусунан ажыратуу тууралу кабыл алган токтомду мыйзамсыз деп, Атамбаевдин юристтери Конституциялык палатага арыз жөнөтүшкөн.