11.12.2019 16:11

Жакында саатына 110 чакырым жүрүүгө уруксаат берилет

Жакында саатына 110 чакырым жүрүүгө уруксаат берилет

Жогорку Кеңеште Кылмыштар жана жоруктар тууралуу кодекстеги түзөтүүлөрдү, анын ичинен жол эрежесин одоно бузгандарга салынган айыпты көбөйтүүнү жана жасалма номурларды пайдалангандарды талкуулап жатышат.

Депутаттар ылдамдыкты көбөйтүүнү колдошту. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, 110 чакырым менен жүрүүгө уруксат берилчү эксперименталдык аймак болуп Бишкек -Торугарт унаа жолу: Балыкчы шаарынан Куакы ашуусуна чейинки бурулуш каралууда. Анын узундугу- 23 чакырым.

Калган жолдор коопсуздук талаптарына ылайык жасалгандан кийин гана ылдамдыкты көбөйтүү каралат.

Эске салсак, 2020-жылдан тарта Кыргызстанда жаңы Жол кыймылынын эрежелери күчүнө кирет. Ага ылайык, унааларга айрым жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилет. Жол кыймылынын эрежелерине түзөтүү киргизүү боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 31-октябрда кол койгон. Ага чейин Унаа жана жолдор министрлиги ылдамдыкты жогорулатуу үчүн канжолду даярдаш керек.