Жакшы кабар! Баткенден бир бейтап коронавирустан сакайып кетти

Жакшы кабар! Баткенден бир бейтап коронавирустан сакайып кетти

Баткенде 34 жаштагы аял коронавирустан айыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Күн мурун, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан COVID-19 диагнозу менен жаткырылган аял илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылган.

“Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус оорусун жуктургандардын 14 жаңы учуру катталып, жалпы саны 130 кишиге жеткен.

2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Дагы 5 киши оорудан сакайып чыгышкан. 4 бейтаптын абалы оор. 1 киши реанимацияда. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.