Жакшы кабар! Дагы 25 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Жакшы кабар! Дагы 25 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу коронавтируска каршы күрөш боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек ш. – 2
  • Ош ш. – 2
  • Ош облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу - 4
  • Нарын облусу – 16

Бүгүн, 27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 695 кишиге жетти. Ичинен 183ү медицина кызматкерлери. Бейтапканада 292 киши дарыланууда. Ичинен 7 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Оорудан 395 жаран сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.