13.12.2019 16:15

Жактоочу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына сурак берет

Жактоочу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына сурак берет

Азыркы тапта Сапар Исаковдун иши боюнча жактоочулук кызматын аткарган Замир Жоошев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу өзү FaceBook – социалдык баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, чакыруу баракчасы бүгүн, 13-декабрда саат 15:00 келген. Бирок бул чакыруу каты түшүнүксүз толтурулганын айтып, андагы каталарды санап берген.

1. Мени ким катары чакырышканын көрсөтүшкөн эмес;
2. Мен кайсы тергөөчүгө барышым керектигин жазышкан эмес;
3. Мен жактоочу менен келүү укугум тууралуу айтышкан эмес;
4. Барбай койсом, кесепети кандай болоорун жазылган эмес;
5. Келбей калсам, анын себептерин чалып же жаза турчу телефон номуру жана электрондук почтасынын дареги көрсөтүлгөн эмес;
6. Мени кандай маселе боюнча чакырышканын дагы жазышкан эмес?

Мындан улам өзүнүн алдын ала пландап койгон иш-чаралары болгондугу үчүн Замир Жоошев Аскер прокуратурасына бара албастыгын кошумчалаган.