12.03.2020 16:58

Адвокат: Равшан Жээнбеков чындык үчүн күрөшүп, күнөөсүз экенин далилдеп берүүгө даяр

Адвокат: Равшан Жээнбеков чындык үчүн күрөшүп, күнөөсүз экенин далилдеп берүүгө даяр

Күн мурун, 10-мартта жактоочу Замир Жоошев Бишкектеги 1-тергөө абагында жаткан экс-депутат Равшан Жээнбековго кирип чыкты.

Маалыматка караганда, саясатчы көз карандысыз медиа өкүлдөрүнө, активдүү жарандык коомго жана өзүнүн тарапташтарына ушундай оор маалда колдоосун көрсөтүп жаткандары үчүн  ыраазычылыгын билдирген.

«Равшан Жээнбеков өзүн жакшы сезип жатат. Ал чындык үчүн күрөшүүгө жана Кой-Таш окуясы боюнча ага карата коюлган айыптар негизсиз экенин далилдеп берүүгө даяр», - деп билдирет юрист.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында кармалган. Ага 7-8-август күндөрү жүз берген Кой-Таш окуясындагы башаламандык жана адамдарды барымтага алуу боюнча айып тагылууда.