02.11.2019 11:32

«Жал» кичирайонундагы мушташ. Соттук отурум ушул айда башталат

«Жал» кичирайонундагы мушташ. Соттук отурум ушул айда башталат

Бишкектин «Жал» кичирайонундагы үрөй учурган мушташта сабалган эки жаран ооруканадан чыкты. Бул тууралуу сабалган балдардын жакындарына шилтеме менен Super.kg билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын ооруканадан чыккандарына эки жумадай болуп калган. Алардын бирин Ат-Башы районуна туугандары алып кетсе, бири - Бишкекте. Экөөнүн тең абалдары -туруктуу. Ошондой эле бул иш боюнча биринчи соттук отурум ноябрь айында боло турганын маалымдашты. 

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин «Жал» кичирайонунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген.