22.01.2020 15:08

Жалал-Абад: Иске ууланып бир үй-бүлөдөн үч киши көз жумду

Жалал-Абад: Иске ууланып бир үй-бүлөдөн үч киши көз жумду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 34 жаштагы аял 2 баласы менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон аял мектепте пол жуугуч болуп иштеп жүргөн. 19-январга караган түнү ал 5 жана 7 жаштагы балдары менен мештен чыккан иске ууланышкан. Алардын сөөктөрүн бир күндөн кийин кошуналары табышты.

Айылдаштарынын айтымында, каза болгон келиндин күйөөсү Орусияда эмгек мигранты болуп иштечү. Каза болгон уулу 7 жана кызы 5 жашта болчу.

Жергиликтүү бийлик үч адам каза болгон үй-бүлөгө материалдык жардам берүүнү караштырып жатат.

Былтыр февралда да Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза болгон эле.