25.04.2018 10:34

Жалал-Абад мэриясы радиация курмандыктарын эскерет

  аймак жаңылыктары (1 материал)
Жалал-Абад мэриясы радиация курмандыктарын эскерет

Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш” паркында 26-апрелде Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль атомдук электр станциясындагы кыйроонун 32 жылдыгына арналган иш-чара болуп өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирет. 

Мэрия тарабынан алпы иш-чарага 26 миң сомго жакын каражат бөлүнүп, Чернобыль апаатынын 24 катышуучусуна 700 сомдон, апааттан улам курман болгон же майып болгондордун 3 үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары 2000 сомдон берилмекчи.

Эскерте кетсек, жыл сайын Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатына байланышкан атайын иш-чаралар уюштурулуп, шаар мектептеринде ачык сааттар өткөрүлөт. Чернобыль апаатынын катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулат.