08.05.2019 13:12

Жалал-Абад милициясы элди ур-токмок менен күнөөнү мойнуна алдырабы?

Жалал-Абад милициясы элди ур-токмок менен күнөөнү мойнуна алдырабы?

Милиция коргоочу эмес, кордоочу органга айланып жатабы? Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна кайрылгандардын дээрлик 90% Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө карата арызданышат.

Биздин телеканалга Жалал-Абад облусттук тартип сакчылардын колунан жабыркаган жигиттин апасы кайрылды. Айымдын айтымында, анын уулун ыкчам кызматкерлер кыйнап, сабашып, башына желим баштык кийгизип банги зат сатканы боюнча күнөөнү мойнуна алдырышкан.