Жалал-Абадда диализдик борбор ачылды

Жалал-Абадда диализдик борбор ачылды

Жалал-Абадда бүгүн, 17-октябрда жаңы диализдик борбор ачылды. Бул тууралуу аны ачкан чет өлкөлүк уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.  

Бул ачыла турган 4 диализдик борбордун биринчиси жана алар чет өлкөлүк концерндин жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуунун негизинде ишин башташат. Бул клиникалардын иш аракети Кыргызстандын өнөкөт бөйрөктүк жетишпегендик менен ооруган жарандарды саламаттык тейлөө кызматынын сапатын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Диализдик борбор Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсү 21А дареги боюнча жайгашкан. Борбор 15 «жасалма бөйрөк»  (5008CorDiax сериясы) аппараты менен жабдылган. МЖӨ жөнүндө келишимге ылайык, Жалал-Абадда турган бардык 24 оорулуу адам диализдик борбордун ачылышынын аркасында аталган клиникада сапаттуу медициналык кызмат тейлөөсүн алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Диализдик борбордо 13 жогорку квалификациялык кызматкерлер иштейт, анын ичинде доктурлар, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алар сынактан кийин тандалып жумушка кабыл алынган жана кошумча билим алган жергиликтүү адистер.

Ноябрда аталган компания дагы бир ири диализ клиникасын Бишкекте ачат.