Жалал-Абадда коронавирустан алгач айыккандар бар

Жалал-Абадда коронавирустан алгач айыккандар бар

Бейтаптар үйгө чыгарылганга чейин абалы боюнча медициналык комиссиядан өтүшөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош менен Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган адамдарды дарылаш үчүн Бишкектен кошумча медициналык бригада жөнөтүү учурунда билдирди. Жалал-Абадда коронавирустан айыккан адамдар жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалады.

Маалыматка караганда инфекционист, пульмонолог, анестезиолог–реаниматологдордон турган дарыгерлер тобу коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоого бир ай бою көмөктөшөт. Алар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, эң башкасы ооруну жугузуп албай өз милдетин так аткаруу зарыл деди Космосбек Чолпонбаев.

Кыргызстанда 30-мартка карата 84 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын үчөө оор абалда жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.