Жалал-Абадда жугуштуу оорулар ооруканасы жабылды. Кызматкерлерге коронавирус жуккан

Жалал-Абадда жугуштуу оорулар ооруканасы жабылды. Кызматкерлерге коронавирус жуккан

Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасындагы бардык кызматкерлер коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди. Жалал-Абад облусунда нөөмөттөгү жана илдети аныкталган дарыгерлер менен байланышта болгон 106 медицина кызматкери обсервацияга алынган.

 “Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын бардык кызматкерлери коронавируска чалдыкканы аныкталды. Ошондуктан бүгүн биз бул оорукананы жаап, дезинфекцияга жиберебиз да Ош облус аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, орун даярдайбыз”,-деди Сабиржан Абдикаримов.

Обсервацияда жаткандардын ичинен 57си  14 күндүк нөөмөт алмашкан дарыгерлер. Калганы  илдет аныкталган санэпидкөзөмөл дарыгери менен байланышта болгон кызматкерлер. Учурда алардын анализдеринин жыйынтыгы чыга элек.

Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө  дагы 42 адамдан коронавирус табылып, илдетке кабылган  бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти. Ал эми илдеттен 25 бейтап толук сакайып чыгып, эки адам каза тапкан.

Өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.