30.04.2020 15:32

Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөт?

Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөт?

Азыркы учурда жыйынтыктоочу аттестациялык экзамендердин, ошондой эле аралыктан окутуудагы жыйынтыктардын бардык варианттары иштелип чыгууда.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары үчүн республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы белгисиз мезгилге токтотулганын Республикалык штабдан кабарлашты.

Ошондой эле штабдан ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу негизги этаптарын белгилешти:

• каттоо 4-15-майда аяктайт;

• 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

• 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

• 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

• 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

• ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;

• 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;

• 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;

•3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.