11.10.2019 13:04

ЖАМК: Алга Кылычов 1-Тергөө изоляторунда аз эле күн кармалды

ЖАМК: Алга Кылычов 1-Тергөө изоляторунда аз эле күн кармалды

КСДПнын өкүлү Алга Кылычов  СИЗО-1де аз гана күн кармалды. Бул туурасында April.kg порталына ЖАМК маалымат кызматынан билдиришти.

«Маалымат агенттиктери жазып жаткандай Алга Кылычев кечээ же бүгүн которулуп кеткен жок. Кармалып келгенден кийин бизде ашып кетсе, 1-2 күн отурган болушу мүмкүн. Кайсы күнү которуп кетишкени тууралуу так айта албайбыз. Анын баш коргоо чарасын кайсы сот караса, себебин, күнүн ошол жак билет. Учурда ал шаардык убактылуу кармоочу жайда», -дешти маалымат кызматтан.

Эске салсак, буга чейин КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтарынын бири Кылычев тергөө менен келишимге барып, экс-президентке жана анын жанындагы бир катар адамдарга каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу маалым болгон.

УКМК 7-8 август күндөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул уюштурган. Эки күндө эки тараптан тең бир канча адам жабыркаган. «Альфанын» бир кызматкери каза тапкан. Тополоңду токтотуу максатында 8-августта Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген. Ошол эле күнү экс-президентти УКМКга, анын тарапташтары  Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Кыяз Смаилов, Амантур Жамгырчиевдерди СИЗО-1ге киргизишкен. Аларды «Кой-Таштагы операция учурунда жоокерлерди барымтага алуу» фактысы менен ачылган иш боюнча айыптап, кийин райондук сот Алга Кылычев жана башкалардын камакта калуу мөөнөтүн 9-декабрга чейин узарткан.