29.04.2020 15:54

ЖАМК: Кардарлары менен жолуга турчу адвокаттар коронавируска тест тапшыруусу керек

ЖАМК: Кардарлары менен жолуга турчу адвокаттар коронавируска тест тапшыруусу керек

1-майдан тартып абак мекемелерине кирүүнү каалаган адвокаттардан коронавирус жоктугун тастыктаган аныктама талап кылынат. Бул тууралуу 29-апрелде Жаза аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ЖАМК абакта жаткан адамдар коронавирус инфекциясына кабылган жок деп кепилдик бере алары айтылат.

Андыктан жактоочулар менен мыйзамдуу өкүлдөр өзгөчө абал мөөнөтү аяктаганча абак мекемесине кире турган болсо, адегенде тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүп, ПЦР анализдин бүтүмүн көрсөтүүсү керек болот.

Ошону менен катар медициналык беткап, антисептик, колкап ала келиши зарыл экени да айтылды.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.