ЖАМК: СИЗО-1 мекемесинин кызматкеринен алынган анализ таза чыкты

ЖАМК: СИЗО-1 мекемесинин кызматкеринен алынган анализ таза чыкты

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын бүгүн, 7-майдагы маалыматы боюнча, 4-майда СИЗО-1 мекемесинин кызматкери коронавируска шектелип, анализ тапшырган.

“Анализдин жыйынтыгы таза чыкты. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү жана СИЗО-1 мекемесинин кызматкерлери текшерилип, эч кимден коронавирус аныкталган жок. Учурда аталган кызматкер медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө”, -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары бүгүн, 7-майда №47 абагынын кызматкерлеринен анализ алынууда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун 895 киши жуктуруп алган. Ичинен 637 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 12 жаран илдеттен көз жумду.

Учурда бейтапканада 246 адам даарыланып жатат. Ичинен 4 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.

COVID-19 диагнозуна чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 224 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими май айынын 10на чейин узартылган.