Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин орун басарлыгына дайындалды

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин орун басарлыгына дайындалды

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май райондук администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Аскарбеков администрацияда Турак жай, коммуналдык чарба иштери боюнча орун басарлык кызматты аркаламакчы.

Мавлян Аскарбеков жарандык активист катары коомдогу саясий окуяларда өз пикирин билдирип, бир катар митингдерди өткөрүп келген. Аскарбеков 2017-жылы 16-январында учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда «бийликти басып алууга чакырган» деп айыпталып, ага кылмыш иши козголгон.

Бул боюнча Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Сот козголгон кылмыш ишти кыскартты.