09.07.2019 09:43

Жардам керек! Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулунун сөөгү табылбай жатат

Жардам керек! Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулунун сөөгү табылбай жатат

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурунку аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулунун сөөгүн Көкөмерен суусунан издөө иштери уланып жатат.  Ыктыярчыларга жардам керек!   

Эске сала кетсек, 30-июнь күнү өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин унаасы Суусамыр өрөөнүнө кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Унаада Абдылдаев өзү, жубайы, 27 жаштагы уулу, 8 жаштагы небере кызы жана айдоочусу болгон. Кийин алар Көкөмерен суусуна түшүп кеткени такталган. 

«Бир үй-бүлөнүн башына оор мүшкүл түштү. Индира көз ачып-жумганча эң жакын адамдарынан ажырады. Издөө иштеринин биринчи күндөрү атасы, атасынын айдоочусу жана Индиранын кызы Сафияна табылды. Бирок азыркыга чейин куткаруучулар менен ыктыярчылар апасы менен инисин таппай жатышат. Тилекке каршы, карап чыга турган аймак аябай чоң жана бүгүнкү күндө адам күчү жетпей жатат. Суунун деңгээли азайды, жээктерди карап чыгууга жардам керек. Бардык кайдыгер эмес жарандардан Индиранын жакындарын табышууга жардам сурайбыз. Жакын арада Ыктыярчылар тобу кырсык болгон жерге сапар алганы турат - кошулгула, Индирага жардам бергилечи», -деп жазат ыктыярчылардын бири Надежда Хохлова.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот:
Тимофей тел:+996 555 459 595
Людмила тел: ++996 552 358 896
Виктория тел: +996 777 339 999