26.08.2018 18:00

Жайкы Азия оюндарында алтын медаль уткан Маслованы колдогондор болгон жок

Жайкы Азия оюндарында алтын медаль уткан Маслованы колдогондор болгон жок

Жайкы Азия оюндарында жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль уткан маалда, Кыргызстандан 5-6 чакты күйөрман гана спортчунун кубанычын тең бөлүштү. Бул туурасында Facebook социалдык тармагында өзбекстандык фотожурналист Анвар Ильясов билдирди.

«Кыргызстандык досторубузду жеңил атлетикадан алтын медаль алышы менен куттуктайбыз. Абдан жагымдуу жана кубанычтуу болду. Кичинекей, арык кыз Дарья Маслова эң татаал -10 миң метр аралыктан жеңип алды. Бирок, кайгылуу учур да орун алды - трибунадан Кыргызстандан келген күйөрмандар көрүнгөн жок, ар кай жерде эле бир-эки, балким, беш-алты адам гана болду», -деп жазды Ильясов. 

Анын айтымында, мелдештеги жеңиштен кийин күйөрмандар жеңүүчүлөргө алардын өлкөсүнүн желегин өткөрүп берип жатышты. А Дарья Масловага төшүндөгү номерин алып, кыргыз желегинин сүрөтү тартылган майкасын көрсөтүүгө туура келди. 

Эскерте кетсек, кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова 25-августта Индонезияда өткөн Азиада-2018 оюндарында алтын медаль утуп алган.