28.08.2018 20:39

Жайкы Азия оюндарында Дарья Маслова экинчи ирет медалга ээ болду. Бул ирет-күмүш

Жайкы Азия оюндарында Дарья Маслова экинчи ирет медалга ээ болду. Бул ирет-күмүш

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлет Дарья Маслова Кыргызстандын эсебине 17-медалды алып келди. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.  

Дарья Маслова бүгүн, 28-августта 5000 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдешке катышып, бул аралыкты 15 мүнөт 30,57 секундада чуркап өтүп, күмүш медалга ээ болду.  Бул жарышта 1-орунду Бахрейндин өкүлү ээледи (15 мүнөт 8,09 секунд). Коло медаль дагы бахрейндик спортчуга буюрду. 

Белгилей кетсек, спортчу буга чейин 25-августта Азия оюндарынын алкагында 10 000 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеште алтын медаль тагынган.