24.08.2018 17:22

Жайкы Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы алтын медалга ээ болду

Жайкы Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу April.kg порталына Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ал 69 килограмм салмак ченинде беттешке чыкты. Төрөкан Багынбай уулу финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашып, жыйынтыгында 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Эске салсак, спортчу Кыргыздын капчыгына алгачкы алтынды алып келди. Ошентип, учурда  кыргыз спортчулары 5 коло, 4 күмүш, 1 алтын, жалпы 10 медалга татышты. 

Алтын медалды жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу алып келсе, 4 күмүш медалды балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов тагынышты. Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Иззат Артыковдор бирден коло медалга ээ болушту.