Жаңы 13 учур аныкталып, коронавируска чалдыккандар 695 киши болду
Бүгүн, 27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу коронавтируска каршы күрөш боюнча Республикалык штаб кабарлады.
- Бишкек ш. – 6
- Ош ш. – 1
- Ош облусу - 1
- Чуй облусу – 2
- Нарын облусу - 1
- Ысык-Көл облусу - 2
Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 695 кишиге жетти. Бейтапканада 292 киши дарыланууда. Ичинен 7 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Оорудан 395 жаран сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: