Жаңы 17 учур. Коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти

Жаңы 17 учур. Коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти

Бүгүн, 26-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

  • Бишкек ш. – 7
  • Ош ш. – 1
  • Чуй облусу – 1
  • Нарын облусу – 2
  • Баткен облусу – 2
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Ош облусу - 2


Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти. Ичинен 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.