Жаңы 42 учур. Коронавируска чалдыккандар 419 кишиге жетти

Жаңы 42 учур. Коронавируска чалдыккандар 419 кишиге жетти

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкекте – 10
  • Чүй облусунда – 6
  • Ош облусунда – 9
  • Ош шаарында – 5
  • Жалал-Абад облусунда – 2
  • Нарын облусунда – 9
  • Баткен облусунда – 1

Эске салсак, коронавирустун алгачкы учурлары Кыргызстанда 18-мартта катталган.

Бүгүнкү күндө коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 419 кишиге жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 91,
  • Ош облусунда – 128,
  • Ош ш. – 59,
  • Чүй облусунда – 27,
  • Бишкек ш. – 69,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 34,
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.