26.12.2019 15:15

Жаңы жылда парламент таркап, Конституция өзгөрөбү? Депутат Дастан Бекешевдин билдирүүсү

Жаңы жылда парламент таркап, Конституция өзгөрөбү? Депутат Дастан Бекешевдин билдирүүсү

2020-жылы Кыргызстандын баш мыйзамына кайра өзгөртүүлөр киригизилиши ыктымал. Бул тууралуу кабатырын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Өз пикирин парламентарий социалдык тармактардагы баракчасына жүктөгөн.

«Баардыгы Жаңы жылга камынып жатканда, парламентте кызыктай көрүнүштөр орун алууда. Азыркы тапта парламенттин отурумунда Жогорку Кеңештин токтому өттү. Анда кол тамгаларды текшерүү боюнча иш группасын түзүүнү каалап жатышат. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо боюнча мыйзам долбоору түшүптүр имиш. Ошол эле маалда мен ал мыйзам долбоорун бир нече жолу сурадым. Бирок мага ал жакта эмне деп жазылганын билүү зарылчылыгы жок деп жооп кайтарышты»,-дейт парламентарий.

Бекешевдин маалыматына караганда ал документ тууралуу бир дагы кесиптешинин кабары жок.

«Менин баамымда 2020-жылы же парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатышат, же болбосо Конституцияны өзгөртүшөт. Кандай өзгөртүүлөр күтүп жатат биз билбейбиз. Бирок жакында баардыгы белгилүү болот. Бул жашыруун жана жаңы жыл алдында болуп жатканы өкүндүрөт»,-дейт Д. Бекешев.