25.12.2018 13:11

Жаңы жылдан кийин жол эрежелерин бузганы үчүн айып пулдар көтөрүлөт

Жаңы жылдан кийин жол эрежелерин бузганы үчүн айып пулдар көтөрүлөт

Жол эрежесин сактабаган айдоочуларга карата катаал айыптар каралууда. Азыркыдай 200-300 сомдук айып жазалары эч жерде жок. Эң эле аз делген айып 1000 сомдон башталат. Административдик жоопкерчилик кодекси өзгөртүлүп, айып акчалар кыйла жогорулады - мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 55 миң сом айып пул, ал эми коопсуздук курун тагынбагандардын капчыгы 3 миң сомго жукарат.

Жаңырган жылда айдоочуларды дагы кандай күтүлбөгөн жаңылыктар күтөт?