06.12.2019 20:41

ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаков 15 жылга кесилди

ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаков 15 жылга кесилди

Бүгүн, 6-декбарда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖэБди модернизациялоо боюнча кылмыш иши каралды. Процесс Инара Гилязетдинованын төрагылыг алдында өттү.

Отурумдун жыйынтыгында судья өкүм чыгарды.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга ажыратылып, баардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев 12,5 жылга кесилди.

Эске салсак, айыпталып жаткандардын арасында мурунку өкмөт башчылар Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергетика тармагынын топ-иенеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев, мурунку каржы министри Ольга Лаврова бар. Баардыгына тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айыптар артылууда.