04.12.2019 18:16

Бишкек ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаковду каралоо үчүн Айбек Калиевге кайрылышкан

Бишкек ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаковду каралоо үчүн Айбек Калиевге кайрылышкан

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесстен 24.kg маалымат агенттиги кабар берет.

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Кечээ мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сөз сүйлөшкөн.

Бүгүн Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевге сөз беришти.

Жактоочу Майрамбек Жумабековдун айтымында, ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек дагы айыпталуучулар менен бирге көрсөтмө бериши керек. 

 «Бирок процесс маалында аны көрө алган жокпуз. Ашыкча сүйлөп жибербесин деп атайын катып коюшкан өңдүү», — деди жактоочу.

Майрамбек Жумабеков Калиевди жогорку кызмат адамдарын каралоого чакырышканын айтты.

«Ага ТВЕАнын өкүлдөрү портфелдери менен иш бөлмөгө кирип чыгып жатканын айт дешкен. Ал тергөө абагында отурганда, Сапар Исаковго кытай жараны чемодан алып келип берген деп айтсаң, кылмыш ишинен сууруп чыгарып коебуз деп убада кылышкан. Бирок ал баш тартты», — деди жактоочу.

Эске салсак, прокурор Марат Кулжабаев өз сөзүндө Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды. Ошондой эле андан Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын жана «Даңк» медалын алып салуу сунушталды.