18.06.2018 21:17

ЖЭБ ишиндеги дагы бир шектүү катары мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

ЖЭБ ишиндеги дагы бир шектүү катары  мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коррупция беренеси менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматта «2018-жылдын 18-июнунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды», -деп айтылат.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев КР МУКК Убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.