11.04.2020 16:45

Жеңилдетилген насыя алыш үчүн дыйкандарга ыкчам байланыш номуру берилди

Жеңилдетилген насыя алыш үчүн дыйкандарга ыкчам байланыш номуру берилди

Дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата 525 миллион сом суммасындагы насыялар берилген.

"Айыл чарбасын каржылоо - 8" программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды берүү иштери жүргүзүлүүдө. "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк"ААК аркылуу 525 млн сом суммасындагы насыялар берилди. Белгилеп кетсем, азыр банктар иштеп жатат жана фермерлер насыя алууга кайрылса болот”, - деп билдирди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.

Айтымында, керектүү маалымат жана жардам алыш үчүн ыкчам байланыш түзүлгөн. Ал жакка айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорацияга байланыштуу бардык суроолор менен кайрылса болот: 0(701)881008

"Биздин фермерлер жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүп алыш үчүн, бардык облустар боюнча координаторлор, ошондой эле, комендатура менен кызматташкан министрликтин алдында штаб бар, - айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.