07.09.2018 19:28

Жеңиш! Көк бөрү боюнча финалдык беттеш 32:9 эсебинде жыйынтыкталды

Жеңиш! Көк бөрү боюнча финалдык беттеш 32:9 эсебинде жыйынтыкталды

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы менен  Өзбекстандан келген спортчулардын бүгүнкү беттеши кыргыз оюнчуларынын пайдасына ири эсеп менен аяктады. Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда саат 18:00дө башталган финалдык беттеш 32:9 эсеби менен жыйынтыкталды.

ДКО уюштуруу катчылыгы билдиргендей, Көк бөрү мелдешинин жалпы байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн байге 3 млн. сом, 2-орун үчүн – 1,5 млн. сом. 3-орун үчүн – 1 млн.  сом.

Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу жана Көк бөрүнүн мыкты аргымагы байгеси үчүн 100 миң сомдон берилет.

3-сентябрдан бери ат майданда өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдешке ар кайсы мамлекеттен келген 11 команда катышып, 1-орунду кыргыз курамасы, 2-орунду өзбектер, 3-орунду коңшу казак улакчылары алышты. 

19:40та байгелүү орундарга ээ болгон командаларды сыйлоо аземи башталды.