08.06.2018 09:58

Жыландын кыйылган башы америкалык жаранды чагып алды

Жыландын кыйылган башы америкалык жаранды чагып алды

АКШда Техас штатынын тургунун калдыркандуу жыландын кыя чабылган башы чагып алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Киши өзүнүн бакчасында иштеп жатып, узундугу бир метрге жеткен уулуу жыланды байкап калат. Ал сойлоп жүрүүчү жаныбардын башын күрөгү менен кыя чабат.  Ыргытып жиберейин деген ой менен жыландын сөөгүн өйдө көтөрө бергенде арыда жаткан баш кишини чагып алат.

Америка жаранынын аялы күйөөсүн сактап калуу үчүн тез жардам кызматын чакырган. Жыйынтыгында, аны тик учак менен ооруканага жеткиришет. 

«Жабырлануучуга уунун күчүн начарлатуучу дарынын 26 дозасы сайылды. Болбосо, аны сактап калууга мүмкүн болмок эмес. Азыр бейтаптын абалы туруктуу, бирок бөйрөктөрү алигиче начар иштеп жатат», -деди травматолог-дарыгер Майкл Халперт (Michael Halpert). 

«Бул адаттагы катачылык. Адамдар сүт эмүүчүлөр менен сойлоп жүрүүчүлөрдүн түзүлүшү ар башка экенин түшүнүшпөйт», — деп токсиколог Лесли Бойер бул кырсыкка карата өз оюн билдирди.

Анын айтымында, жыландын кыйылган башы, анын калган денеси сыяктуу эле 12 саатка чейин сойлоп жүрө алат жана жадагалса душмандарына кол салат.