03.12.2018 22:08

Жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңип алышты

Жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңип алышты

Берлинде өткөн бразилиялык жиу-житсу спорту боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар ийгиликке жетишти. Бул тууралуу Аpril.kg порталына спортчулар сүйүнчүлөштү.  

Мелдеш 2018-жылдын 1-2-декабрь күндөрү Берлин шаарында өткөн. «International Berlin Open - 2018» эл аралык турниринде мекендештерибиз Самарбек Сабыржан уулу (64 кг) жана Кубанычбек Советбек уулу (70 кг) 1-орунду жеңип, алтын медаль алышкан.

Ал эми, Санжар Болотбек уулу (76 кг) 2-орунга  татып, күмүш медалга ээ болгон.