10.05.2018 12:38

ЖК ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угууну чечти

ЖК ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угууну чечти

Бүгүн, 10-майда саат 14:00дө Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматы угулат. Мындай чечимди депутаттар кабыл алышты. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү - Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен» фракциясынан).